суулуу
- Суусу бар; нымдуу, суусу көбүрөөк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каңгайда жатып Калдык хан, / Кыргызды жеңип ой менен, / Айдап чыкты кулбутуп, / Алтымыш миң кол менен, / Кээде суулуу, кээ чөл, / кээде чөптүү, кээде кум, / Азаптуу мүшкүл жол менен, / Лопнурга кирип аралап, / Утур келген кишини, / Кылыч менен кыймалап, / Мен кыргызмын дегенди…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Батыштын көрдү бар жайын, / Чалыкпады көзүнө, / Аш берерге ыктуу жер, / Чөптүү жерде суусу жок, / Суулуу жерде чөбү жок, / Батыштан көөнү кайтканда, / Чыгышты карай тартканда, / Шор дайраны жакалап, / Чыгышка бара жатканда, / Кээде агын суу бойлоп, / Кээде керүү ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Суулуу жерге жеткирсең, / Баарыңдан агат кызыл кан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →