суула

китептерде 3 жолу
  1. Суу менен нымдоо, суу кошуп, суу жугузуп коюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп айтканга хан Калдык, / Каарын салып арданып, / Жан алуучу зар салып, / Ууга чылап суулаган, / Өткүр найза карманып, / Темир кызыл ат менен, / Теминип кирди жээлигип, / Карап турат Асыл шер, / Күлүк аттай элирип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…таш, / Кан кечишип урушта, / Калбалаңдуу жумушта, / Кагышып жүргөн жулушта, / Катуу салып калбаны, / Кармашка кирген балбаны, / Каптап кирген каңгайдын, / Каны суулай акканы, / Калкылдаган калың эл, / Кайра артына качканы, / Канчалын кылса каниет, / Кантер айла таппады, / Кайраты качып Калдыктын, / Барабанын какканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Элдер тарап кеткенде, / Аркасынан Бекбача, / Катышпаса катышпай, / Жерине кайра кеткенге, / Катышып калса кыргызга, / Түбүнө мунун жетмекке, / Акмалап жүргөн кездерде, / Чыгышты карай баратып, / Моңгулдардын кошууну, / Тетир суулап басыптыр, / Текесин таштап атыптыр, / Өзөндү бойлоп каз уулап, / Бейкут кыргыз жатыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →