сурма
- Кирпиктин үстү жагынан кыдырата бойлоп көрк берип турган ичке назик жик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Минген атын опчулап, / Боорунан күмүш топчулап, / Мойнуна жалгап жаптырып, / Топурак тоздоп кирдебес, / Көзүнө сурма тарттырып, / Эр айнегин сарапча, / Ат айнегин сурма деп, / Айтылып калган ошол кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эркекче кийим кийинип, / Белине кемер илинип, / Көзүнө сурма / тартынып, / Көзүнөн улам жаш чыгып, / Аарчыган болуп сурманы, / Көзүнүн жашы аарчынып, / Адагы келип турду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →