сура

китептерде 1169 жолу, 10 китепте
  1. Бирөөдөн жооп алыш, бир нерсе жөнүндө айттырыш үчүн суроо кылып кайрылуу.
  2. Бир нерсе алуу же кандайдыр бир башка максат, иш боюнча өтүнүп кайрылуу, сурануу.
  3. Бийлик жүргүзүү, башкаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лбойбу, / Күбүр-шыбыр кеп менен, / Жүрүп кетти кыргыздар, / Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп көз жумбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жалынып сурап жооп алдым, / Тамактанып тойунуп, / Анан кайта барамын, / Алым келсе аламын, / Алдырсам өлүп каламын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мени көрүп турбады, / «Келдиби-кеткен элдер, деп, / Канчоро хан канаке, / Качан келет үйгө», деп, / Ал кара бет сурады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бала "жайыл супараны" сурайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →