сула
- Узунунан түшүп жатып калуу; узунунан жыгылуу.
- Кыймылсыз сулк жатып калуу, өлүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кете берем Бекбача, / Кержеңдесең тил албай, / Кекенчимди чыгарам, / Айдап малың чубатам, / Каратып туруп көзүңө, / Кырк балбаның сулатам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чигитейдин атынан, / Эки кайта чакырса, / Айыкмакчы дартынан, / Аны билген киши жок, / Сулап жаткан кыз менен, / Кылчайган ага киши жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Белдүү тууган Кененим, / Кылыч сууруп алганы, / Кыйырын бузбай сулатып, / Кылычтын канын чубалтып, / Кылымдан чыккан Кеңкула, / Жагалмайдай чуратып, / Айдап кирди келгенди, / Наркы элге чуулатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
таңып артынып, / Күйнөлбөй тез жүргүн, деп, / Көөрүкчүсүн чакырып, / Токсон миңче эрендер, / Токойго кирди жабырып, / Кырчындын барын кыйратып, / Жоонун кесип сулатып, / Кемтигине куратып, / Кыскасына улатып, / Төрт кыр кылып кынатып, / Башын ташка мадатып, / Темир менен кадатып, / Кош араба өткөндөй, / Эт бышымдын ичинде, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айтып койуп Кутургур, / Аскер башы жолдошко, / Чалкасынан сулады, / Аңтарып көзүн жумганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →