суз1
- Көңүлсүз, томсоргон, кабагы бүркөө, капалуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кылжыкенин алдына, / Койду муну алып барып, / Жарк этип күлүп жиберип, / Унутуп ийип арстанды, / Кашыкты кармап имерип, / Чоң жолборстун жүрөгүн, / Чоң-чоңдон сузуп сугунуп, / Такыр жутуп жиберип, / Жумурткага калганда, / Эсине алып Арстанды, / Туруп калды токтонуп, / Энесинен ийменип, / Биле койуп Чыныке: / — Талгакка жег…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— Тиги каапырга кичине тамызып койчу,— деди эле Жанымжан булкунуп барып, тунуп, көгөрүп турган жарманын үстүнөн сузумуш болуп:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чакаларына суу сузуп алышса, анда да жигиттин сүрөтү түшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Сен менден кичүү эмессиңби жана жеңилсиң, кудукка түшүп, калпагыңа толтура суу сузуп чыкккын!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Экинчи жокчулук таштан катуу экен деп айтканым, кайсы бир убактыңарда атам балыктын чабагын да ала албай, үйгө сабыры суз кайтат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →