сугун
- Оозго чоң-чоң салып жеп, жутуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…кенин алдына, / Койду муну алып барып, / Жарк этип күлүп жиберип, / Унутуп ийип арстанды, / Кашыкты кармап имерип, / Чоң жолборстун жүрөгүн, / Чоң-чоңдон сузуп сугунуп, / Такыр жутуп жиберип, / Жумурткага калганда, / Эсине алып Арстанды, / Туруп калды токтонуп, / Энесинен ийменип, / Биле койуп Чыныке: / — Талгакка жеген тамаг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кош колдоп алып сугунуп, / Койбой жеди баарысын, / Колунан бербей намысын, / Кош кылыптыр тындырып, / Сынаган Бакай карысын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Сарымсак менен согонго, / Чылап туруп сугунткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Көк карышкыр жолукса, куйругумду бир апчып сугунуп, кекиртегимди чарт жулуп, анан баса калып жей баштабайбы!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Шашып калган Абылай баягы сары майды сугунта берди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →