сор
- Тил менен эриндердин аракети аркылуу ичти карай катуу кысып оп тартуу, эмүү, шимүү.
- Жутуу, ичүү.
- Суюктукту (мис, сууну) сиңирип алуу, боюна тартуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайчы кулак каман алп, / Жез киндиктүү кикимат, / Темир тондуу шалкымат, / Манжудан чыккан канча алп, / Калтырбай баарын соргону, / Күн чыгыш эмес күн батыш, / Жети дөөнү кошо алып, / Асманда жүргөн канаттуу, / Алп кара куш кушту алып, / Жүйрүндү сойуп тилин жеп, / Дүйнөдө калбай тил бил…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эми колго түштү деп, / Буруттун иши бүттү — деп, / Аты менен Манасты, / Айдап алып кетем деп, / Андан башка буруттун, / Даты кимге жетер деп, / Сорандыктын качкын кул, / Айласы чындап кетер деп, / Чымырканып Коңурбай, / Чындап кирди бекем деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…з көздүү бала экен, / Басташпайт киши буга, деп, / Мадыкүл атка конуптур, / Чоңойгондо Бадыкүл, / Опсуз балбан болуптур, / Атасынан бешбетер, / Бет алган жакты соруптур, / Пендеден башка чоңойуп, / Тең жаткандай катын жок, / Жалаң бойдок болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Карды тойбой кара жер, / Шимирип соруп бул жатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Баланы тамакка тойгузуп, кызча кийинтип, бир кылыч таап берип, ажыдаарга алып барганда ал сорот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →