сопу
- Диндик-мистикалык окуунун жактоочусу, дин кызматкери.
- Такыба, дин эрежелерин бек кармаган динчил.
- Азан чакыруучу мечит кызматкери.
- Теспедеги чоң шуру.
- өт. Жоош, момун, жоошуп калган абал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
жетер, — деп, / Калабалуу чал эле, / Калбасы кыйла бар эле, / Качып кокус кетер, — деп, / Калбасы мага жетер” — деп, / Тогузун айдап топулдап, / Артынан жүрүп сопулдап, / Жолуккан элден кеп сурайт: / — Жолу каткан бир чалды, / Көрдүңөрбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Мындай кепти көбүнчө Мамирмазинден болбосо мында келген өзүндөй эшендерден, молдо, сопулардын сүйлөшүп отурганда чет бучкактап угуп калабыз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →