соот
- Ок, найза, кылыч ж.б. согуш куралдарынан же октон сактануу үчүн кийилүүчү көйнөк формасында согулган жоокердик кийим.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…нын учу түйрүлүп, / Балтанын сырты жарылып, / Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш башталып, / Күүгүм кирди күн батып, / Эл-элине кетишти, / Эми булар нетишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененимдин өткүр миз, / Өкүм болот найзасы, / Кабылдай сайды соотту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Шаарынан чыкты шартылдап, / Жөө тумандай самсаалап, / Ак асаба, көк желек, / Асманда барат калкылдап, / Кийгени соот күрөөкө, / Күн чагылып жалтылдап, / Токтоно албай кара жер, / Каарданып сурданып, / Карагай найза колго алып: / — Адамсынган бурутту, / Астын-үстүн салайын, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ойлоп атып уктабай, / Таң агарды түнөөдө, / Кара дөө камбыл эр эле, / Кийгени соот күрөккө, / Эртең менен көрүнсө, / Бурулбай кармап көрөм, деп, / Курч байланды жүрөккө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сооттуулар жанаша, / Бирин бири караса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →