соол
- Кайноо, буулануу аркылуу азаюу, бөксөрүү же такыр түгөнүү.
- Түгөнүп акбай калуу.
- Жок болуу, түгөнүү, биротоло жугу үзүлүү, куруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ан, / Пайда таппай алардан, / Кылычты кындан суурушуп, / Кыйкырышып урушуп, / Кылычтан тапкан айла жок, / Калды деми суушуп, / Чокморлошуп койушуп, / Акакташып соолушуп, / Маңдай-тескей марашып, / Дем өткөрүп турушуп, / Кекенишип демитип, / Кетелек алып келишип, / Одарышып бир ээрде, / Тамандашып тебишип, / Кайран жанды кейити…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…шиге, / Бир укмуштуу иш болуп, / Камчы менен салышып, / Жаагын жара чабышып, / Колтуктарын чойушуп, / Муштум менен койушуп, / Алы кетип шай калбай, / Акакташып соолушуп, / Жакалашып тартышып, / Олпокторун булушуп, / Койо бербей тырмышып, / Кемердей толгой кармашып, / Кекенишип жармашып, / Багалектен бурушуп, / Этектерин түрүшү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Оркондун кызыл суусуна, / Келип Алмаң караса, / Өзү көргөн өгүнкү, / Өөрчүп жаткан чоң дайра, / Какшып соолуп калыптыр, / Сай төбүндө кылдырап, / Көк кашка суусу агыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Согушкан пенде соо калбай, / Соолгон жандан ажыраар, / Бердике айтып жиберди, / Эл жыйылган көпчүлүк, / Чуркурашып калышты, / Ким экенин ким билет, / Бирөөнүн айтып салышы: / “Жоо кадырын, жоо билет, / Гүлчоро менен Канчоро, / Ал экөөнөн башкадан / Буга беттеп ким кирет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Соолгон көлдүн ордунда калган балык өгүздү шак жутуп алды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →