соога
- Түшкөн олжодон берилүүчү сыйлык, ыйгарылган шыбага.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бараң менен Шаңкайдан, / Соогага бергин он беш ат, / Жолдо багыш жолукса, / Соогат десе бериптир, / Атасын жүрсө урматтап, / Ойлобой ата урматын, / Айчүрөктү алам деп, / Жедигердин Толтойу, / Көргүлүктү көрүптүр, / Семетейдин өзү эмес, / Кулунан ырас өлүптүр, / Мындай болуп түбүнөн, / Өчүгүшүп келиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алтын чырай нур бети, / Аттанып бура тартарда, / Күүгүмдөкү устадай, / Көк жашыл тартып көрүндү, / Жалгыз кара бир башы, / Капкайдан келген чоңдорго, / Жалтанбастан өмүлдү, / Жан соогалап кылчайбай, / Бул айылдан бөлүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жыйырма миңден колу бар, / Чуркурашып ыйлады, / Саадагын илип мойнуна, / Салбырашып турганы, / Буркурашып баш уруп, / Жан соогасын сурады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айлына түштү бай Жакып, / Айдап жылкы келе албай, / Улам оозун карманып: / — Олжо бергин, соога, — деп, / Кыргыз турса суранып, / Оорагым чыгат эле, — деп, / Чыгармак тургай оорагым, / “Чылбырына тийбе” – деп, / Мизимди менин жандырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оң айланып сол болуп, / Ойлогону бул болуп, / Сырты калың өткүр миз, / Сомдоп соккон ай балта, / Балтаны алып кемерден: / “Чаптырбай койсоң билбейим, / Чаптырып салсаң, Кутургур, / Кара жерге киргизем, / Кактабай каның ичпесем, / Соогага алып сур атты, / Сейитекке жетпесем!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →