соо

китептерде 155 жолу, 10 китепте
  1. Оору эмес, дени сак, таза; майыбы жок.
  2. Мас эмес, ичкилик ичпеген.
  3. Ж өн, чыр-чатаксыз, балакети жок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манастан бери карата, / Мына бу турган буруттун, / Барбаган жери калбады, / Барган жерин соо койбой, / Баатырдын баарын жалмады, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн өңдүү чоң дөөнүн, / Сууруп тилин жеп алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ери, / Өз жанынын камын жеп, / Убайым тартып сарсана, / Упурак болуп турганда, / Бурулбастан Кененим, / Коросондун коргонго, / Падышалык ордого, / Тепчий сайды соотунан, / Дарбазанын ортого. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Соорандыктын Алмамбет, / Манаска барып келсем, деп, / Олтурса, копсо эңсенет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айлана сеңир тумшуктан, / Чыга калса эки арстан, / Кайран баатыр Кара дөө, / Кабизет кылып калдаңдап, / Эки этеги далдаңдап, / Далдал болуп сооту, / Жыртылыптыр салбаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Анын колуна түшкөн адам жатса соо калбайт...—деп түшүндүрүп жатты, Кыргыз-Сайдын бузукулары. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →