солу

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Өсүп, көгөрүп турган кезиндеги жаңылыгын, жаштыгын жоготуу (өсүмдүк жөнүндө).
  2. өт. Алсыроо, дарманы кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кетели баатыр Бекбача, / Бир күн да болсо мааналап, / Жарыкты көрүп туралы, / Конушпайга, Бекбача, / Корко бербе сен анча, / Атам Манас болгон соң, / Сен коркпогун мен барда, / Оңуна келсе оң болот, / Солуна келсе сол болот. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күйүнгөн киши азыраак, / Сүйүнгөн киши көбүрөөк, / Бышаңдап ыйлап соолугат: / Хан Кетиркей солугуп: / — Кызылкыз балам кебимди ук, / Пейлиңди салып бекем ук, / Ниредеги урашта, / Эр Бекбача жоголуп, / Чакмакташ менен Кардыгач, / Жагалмай ага кошулуп, / Жашта… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Бир кезде Беккулдун башы айландыбы айтор, кесип бараткан солунун башына жетпей туруп, өңү кубарып мындай чыкты да, дүкүйгөн бир шыраалжындын түбүндөгү көлөкөгө барып, ыкшыйып калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жок, эгерде солубаса, кетпегеним, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Солубаса, аялым мени күтүп үйдө отурганы, – деп сырын айтат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →