сокур
- Көрүү жөндөмдүүлүгүнөн ажыраган, көр.
- өт. Билими жок, түшүнүгү, сезимдүүлүгү начар, сабатсыз.
- өт. Эч нерсеге негизделбеген, курулай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— деп, / Нил куйдуруп көзүнө, / Сокур болгон кез эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Буту сынган төкөр көп, / Колу сынган чолок көп, / Кулагы жок мулук көп, / Тил сүйлөбөс дудук көп, / Көзү аккан сокур көп, / Бели сынган бүкүр көп, / Жал-жал тиктеп жаткан көп, / Жаны чыкпай аткан көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ар качандан бир качан, / Өзүм эле эр дейсиң, / Бир сокурду көргөндө, / Эмне мынча тердейсиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
болсун, хан болсун, / Жарды болсун, бай болсун, / Ачка болсун, ток болсун, / Дүмпөр болсун, шок болсун, / Колу жок болсун чолоңдоп, / Бокор болсун кодоңдоп, / Сокур болсун олоңдоп, / Узун болсун сороңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болсун кымбат…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
"Уялбай кантип барабыз" деп, Асандын эки көзүн чукуп, сокур кылып туруп, кудукка салып жиберишет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →