соку
- Данды (арпа, таруу, конок ж.б.) ичине салып, сокбилек менен күйшөө, жанчуу же башка бир нерселерди майдалоо үчүн колдонулуучу жыгач же темирден жасалган ичи оюк үй буюму. [Берди] көмөрүлүп турган сокунун үстүнө басып отурду (Жантөшев).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кылымды бузар балбаны, / Кырааның Чубак барганы, / Сол карынын булчуңга, / Болжоп найза муштады, / Сокудай этин булайтып, / Бөлө сайып таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мени менен канча күн, / Жан айабай кармашты, / Жыландан бетер арбашты, / Кылбаган сыйкыр калбады, / Алы келе албады, / Сокбилек, соку дегени, / Керекке баары келбеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ашкананын түбүндө, / Соку таппай түктөөргө, / Кууруп койгон арпа бар, / Баарын жебей ченеп же, / Эси оогандай жөөлүбө, / Сага болот ким жеңе?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ар кайда чачылып жаткан сокуларды көрсөтүп:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ал мезгилде жез кемпир сокусун араа кылып, сокбилегин балта кылып, түнт токойдун жоон жыгачын аралап, ичкесин балталап кесип, алдыга жыла берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →