соко
- Жер айдоо үчүн колдонулуучу жазы калак тиштүү айыл чарба шайманы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…емерген башы тыгылган; / Бирин-бири кучактап, / Чогулушуп бутактап, / Тиши ачылып ырсайып, / Толгонуп мойну кыйшайып; / Башы жок мойну койкойуп, / Далысы чыгып сокойуп; / Көчүгү чыгып даңкайып, / Карады көөп дампайып, / Алдынан койон өткөндөй, / Ийилип бели кайкайып, / Жердин бети жык толуп, / Жаткан өлүк тартайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Биз дарбазадан алактап кирип барсак, короодо бирөө соконун дөңгөлөгүн чыгарып алып араба жасап жатыптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Акыркы барганымда үч жүз ирикти короого камап, санап соконун дөңгөлөгүнөн жасаган кичине арабасын жабдып, жолго чыга тургандай камынып жатышкан экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →