сокмо

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Согулуп, токулуп жасалган, согулган, токулган.
  2. Урма, уруп согулган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ры салганы, / Айрандай мээси чачырап, / Жайылып жатып калганы, / Адыр деген бир маңгыт, / Адыраңдап барганы, / Учунан кармап найзаны, / Сойул кылган Кененим, / Сокмогу менен бир салды, / Бир чабуудан чыгарбай, / Адырдан да жан алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сокмогу менен найзасын, / Аңтарылып Калыбек, / Алдындагы карала ат, / Бели сынган турбайбы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ын нечен найзасын, / Найзанын учу темирге, / Уңгусу менен балтанын, / Аркасын карай какканы, / Балта тийген бул найза, / Талкаланып жатканы, / Солк эткен найза сокмогу, / Эр Тапактын оң колу, / Үзүлүп кете жаздады, / Каржиликке чапкандай, / Зыркырап сөөгү какшады, / Тарткылашкан найзаны, / Беркерге калды баштагы, / Одурайган … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сокмогу менен найзанын, / Соолгон чочко муштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Өзү сокмо там. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →