сокку

китептерде 2 жолу
  1. Күү менен, катуу күч менен урулуудан, согулуудан чыккан кагылыш.
  2. Оор кайгы, түйшүк, азап.
  3. Жеме, кагуу; таяк, тепки.
  4. Душмандын, жоонун мизин кайтаруу, кыйратуу үчүн көрсөтүлгөн каршылык, чабуул же анын түрлүү башка аракеттери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Какшап кыргыз кан жутуп, / Ар жорукка көнгөнү, / Катаган менен Каткалаң, / Хан Кошой болуп абалтан, / Атбашыны жердеди, / Катылган менен сокку жеп, / Калмактын алы келбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…нуптур, / Насаранын Карилип, / Кебин айтып туруптур: / — Чын айтасың, Банус хан, / Мен тартынып жүргөнмүн, / Бул кепти сага айтыштан, / Баралы десем Манаска, / Соккуну жедиң Манастан, / Мени оор көрдү, деп, / Ойлойбу деп, Банус хан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →