сиң
- Акырындык менен сорулуп, сиңирилип кетүү.
- Ичкен-жеген тамагы аш болуу, бойго тароо.
- Бекем орун алуу, биротоло бекип, кабыл алынып кетүү, көндүм болуп калуу.
- Эмгеги, кызматы, кадыры ж.б. өтүү, кандайдыр бир даражада белгилүү болуу, таанылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жерге сиңип жатыптыр, / Мени кармап душманым, / Өлтүрөөрү аныктыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Алыстан келген арам,-деп, / Ушул бойдон уктаса, / Жеген майы, эт сиңбей, / Болбой калар бала, — деп, / Балта кепти баштады, - / Жоокалатып турам” — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Адамы менен төөлөрүн, / Адам соргуч бул кумга, / Сиңип булар жоголду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кулакка куйган суу дары, / Мээге агып жеткенде, / Сыйпаган дары көзүнүн, / Этине сиңип кеткенде, / Көз ачылып жарк этип, / Кулагы угуп шаңк этип, / Бир колунда Гүлчоро, / Бир колунда Сейтек, / Жыгылып кетти шалк этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бул менин да кулагыма сиңип калган:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →