силк

китептерде 51 жолу, 10 китепте
  1. Күбүү, кагуу, силкинтүү.
  2. Шилтөө.
  3. Булкуу, кагуу, тартуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көөдөндөрүн тирешип, / Буттары жерди жирешип, / Булкуп- силкип имерип, / Так көтөрүп аларда, / Салмагын жерге салганда, / Тизеден жерге малынып, / Жер чыдабай жарылып, / Топурак учуп, тоз учуп, / Тунарыктап боз түшүп, / Же… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…е тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийин келгени, / Кош колдоп күрзү шилтеди, / Телкызылдын тизгинин, / Тең кармап Сыргак силккени, / Көнүкү болгон тулпары, / Бута атым артка кеткени, / Күрзүсү жерге киргени, / Ыкшап тартып алганча, / Баатыр көк жал жеткени, / Жата тургун эми деп, / Как өп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Бир айтсам деп жүргөмүн, / Жашылдан күрмө жеңи жок, / Жакасынын теңи жок, / Аз жери бар, көбү жок, / Сакалың кыса бир эли, / Аң-таң болуп турганда, / Күрмөңдү силкип кийгин, деп, / Сакалын сылап көргүн, деп, / Гүлүсүм айтып жиберди, / Силкисем чапан бүтөлдү, / Сыласам сакал жетилди, / Ошондон бери карата, / Жүзүн көрөм деп … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чылбырын ийе тарттырбай, / Тизгинин силкип кактырбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кожоюн аттын тизгинин силкип, сөгүп, арабасына алып кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →