сиз
- Сен деген жактама ат атоочтун сылык формасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эл багыш мурас биздерге, / Эл кырмак керээз атадан, / Энчиге калган сиздерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бачым келсин сизди дейт, / Көрсөтпөсүн шылтоо дейт, / Ушуну айтып акимдер, / Ашыктырды бизди – дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…й басып жетти эле, / Азыркысын коргондо, / Иш башкарган Керменбай, / Айтып турат Сетертай: / — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, / Күмбөздөн мында келерде, / Жумшадыңыз сиз мени, / Сен ордого баргын, деп, / Эси жок катын Чачыкей, / От койуп кокус жиберет, / Аңкаарыгын аны, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кылсаң, кызмат биз үчүн, / Кылча мойнум сиз үчүн / Эсирген канкор төрөдөн, / Эми алам өчүмдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Эгерде сиз муну уккуңуз келсе, тарыхымды айтып берейин.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →