серп

китептерде 81 жолу, 10 китепте
  1. Шилтөө, сермөө.
  2. Жулкуп тартуу, булкуп ыргытуу, илип тартуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чакмакташ колу бош калды, / Сууруп алды кылычын, / Башын кесип алганы, / Жан талашып бадирек, / Колун серпип салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жүзүн көрсөм экен, деп, / Кыйа карап каш серпип, / Кыйырынан тиктеп баатырды, / Кылгырып көздөн жаш кетип, / Эл караса жер карап, / Эл карабай калганда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ошол кезде айкөл шер, / Көзүн ачып, каш серпип, / Тегерете карады: / — Үй тиккиле камданып, / Алмамбет менен Чубакты, / Көчүрүп кел жабылып, / Аркада калган эл келет, / Тогуз-он күн аз калды, - / Андан башка кеп кылбай, / Ушул болду айтканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Семетейдин айлына, / Серпилип басып келди эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мен жеткенде дагы бир бакырып, буттарын бир-эки ирет серпип алды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →