серме

китептерде 18 жолу, 6 китепте
  1. Кармоо, кармап алуу аракети менен колду умтула шилтөө, сермөө, илип алуу.
  2. Учуу, алга карай умтулуу аракети менен канатты кыймылга келтирүү, канат кагуу, серпүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жана сермеп кармарда, / Коргошун жүрөк, жел билек / Коркпой турган Чакмакташ, / Албарс менен Сазанды, / Ач билекке чапканда, / Күч берүүчү тарамыш, / Таарый чаап таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ачып колун сермеди, / Сермегенде Кызыл алп, / Колуна Сарык келгени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Анык көзгө көрүнө, / Акыркы уруш кезинде, / Ажал сермеп жалмады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эсин жыйып жалактап, / Элөөрүгөн баатырың, / Оңолуп минип сермелип, / Алдындагы Сур атка, / Айабай камчы бир салды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Колун сермеп, бирдеме деп жооп берген болуп жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →