серке

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Эки жашка караган биттелген теке.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Семетейден бер жакка, / Жетим болуп торолмок, / Бойго жетип чоңоймок, / Сейитимден башкасы, / Буларга мурас из калып, / Эркек тууса Акмаңдай, / Ак калпак кыргыз алдейлеп, / Эрке кылып алалы, / Кой баштатып суу кечер, / Серке кылып алалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Токтунун этин ашадым, / Токсонго чыга жашадым, / Серкенин этин ашадым, / А, балам, сексенден аша жашадым, / Темир сандык ичине, / Салып койуп бакса да, / Ажал чиркин кес келсе, / Тоңкойуп өлүп жатамын, / Акыры салат чеңгелин, / А, балам, ажалдан кантип качамын? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көрө койуп Куткарбас: / — Канасың, Татан, болгун, — деп, / Тетиги келген Сейити, / Эсимди алып болду, — деп, / Сенден амал болбосо, / Серке улактай сойду! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Андай эмес, хан Кыйаз, / Айтканга кулак сал, Кыйаз, / Так өзүңдөй уулуңду, / Эрке кылып алалы, / Эл баштатып жол жүрсөң, / Серке кылып алалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…ыздан бээсин жетелеп, / Жакшы-жаман кеп кылбай, / Малымды алар бекендеп, / Кочкору менен соолугун, / Чаририк менен боругун, / Шаа мүйүздөн эркечин, / Эки тиште серкесин, / Койу жогу токтусун, / Кошо ээрчитип козусун, / Нык семирген инегин, / Сүттүүсү менен сүрөгүн, / Кысыр эмген тай торпок, / Мындай малдан калган жок, / Тай, к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →