сере1

китептерде 3 жолу, 3 китепте сере 2 →
  1. Түркүктөргө орнотулган үстүнкү бети гана жабылып, туш жактары ачык бастырма.
  2. Курут кургатуу үчүн ылайыкталган бийик секиче.
  3. Төр, төбө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күндүн мурду чачыла, / Боз мунарык жазыла, / Серепчелеп Ажыбай, / Маңдай жагын караса, / Кең көчпөстүн токойдо, / Тоодой тору аты бар, / Толгомо саптуу камчы алган, / Колунда конгон кушу бар, / Ээрчиткен тайган ити бар, / Артында жүргөн эрчишип, / Албан-дубан киши бар, / Куш жайылып токойго, / Келген экен эр Кошой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейитинин найзасы, / Соорусуна Тотойдун, / Карыш сере киргени, / Ошончо кирген найзаны, / Көзүнө Тотой илбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…лакка, / Түнүнө сактап жатарга, / Эки баатыр барганы, / Бала жолборс Сейитек, / Ошондо кебин салганы: / — Айланайын абаке, / Мен калайын бул жерде, / Эре менен Середе, / Суу ичкели келет деп, / Айтты эле бу жерге, / Өзүң сакта чоң жолду, / Ордого кетчү туу белде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →