серек
- Үй кайтарган жөнөкөй ит.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Удургуп эли калыптыр, / Серек сулуу кыз Торгой, / Сезип муну алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Этегим жаап ката элек, / Серек, Сыргак жаш балдар, / Эшикке чыгып сийе элек, / Арнап миниш ат тургай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атыңды кантип мен айтам, / Кыргыл, Серек баштаган, / Кылымдан чыккан кырк арстан, / Тонуңду бердим белендеп, / Атышкан жоого кийер деп, / Кез ажалы кетпесе, / Жарык көрүп жүрөр деп, / Эстеп турам сиздерди, / Эске алар деп биздерди..
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Серек менен Сыргагы, / Серпишкен жоонун чыйрагы, / Тирилип келип калгандай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Авазир кызы Бек серек, / Анчалыгы болбосо, / Авазирлик не керек?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →