секир

китептерде 48 жолу, 9 китепте
  1. Эки аягын тең таштап ыргуу, ыргып түшүү, эки аягын тең таштап аттоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кара ташка далк этип, / Катуу тийди даңк этип, / Сынып кетти бир буту, / Кашка жилик шаңк этип, / Секирип кобо калам деп, / Жыгылып кетти жалп этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ач кыйкырык бакырык, / Аскарлуу зоолор жаңырып, / Үнүн уккан айбанат, / Акылынан жаңылып, / Кумдагы кулан оттобой, / Топ-топ болуп чогулуп, / Секирип койон ойнобой, / Адырды түлкү жойлобой, / Текелер таштан түшө албай, / Булардын иши бүтө албай, / Жыртылды жердин далайы, / Тулпарларга түтө албай, / Жолборсту… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бир бакса салып өндүргөн, / Бир аттатып көндүргөн, / Эки бакса өндүргөн, / Эки аттатып көндүргөн, / Алтымыш бакса дубалдан, / Аттантып аны үйрөткөн, / Жаныбарым Кылжейрен, / Кыйа тартып чуу десем, / Жандоочу деген сепилден, / Кыл тийгизбей секирген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арча тору буудандай, / Секирип түшүп Семетей, / Эрлиги артык түгөнгүр, / Кара ташты көнөктөй, / Көзүнө илбей кенедей, / Аткый карман батмандап, / Кара ташты көтөрдү, / Көтөрүлбөй кара таш, / Күч келгенде жөтөлдү! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ал сарайлардын ичинде май көл менен сүт көл болсун, ошол көлдөрдө алтын-күмүш чабактар секирип ойноп турсун. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →