секи
- Тоонун, дөңсөөнүн тектири, бир аз тегиз жери.
- Отуруу жана жатуу үчүн тактайдан, топурактан көтөрүлүп жасалган орун, жай, супа.
- Жыгач айры, сенек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жазылыгы баатанын, / Кере кулач төш жары, / Калыңдыгы балтанын, / Апыртпайын төш жары, / Сырты тектир секидей, / Кимдер чыдайт баатага, / Баш калкалап бекибей, / Тиктеп турат Сейитим, / Эчтемеден шекибей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ “Бийликти” алып карк толуп, / “Сарпайды” алып зар толуп, / Санаада жогу бар болуп, / Боз секи карай Сетертай, / Куйунтайды салдырып, / Курбуну артта калдырып, / Чыга калса кашаттан, / Каныкей менен Чүрөктүн, / Жанына Бакай эми эле, / Келген экен бүжүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Текти секи жер келет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Маңдай жагы боз секи, / Барып түштү Айчүрөк: / “Эр Семетей баатырдын, / Келбетин кантип көрөм деп, / Канкордун уулу чунакка, / Кабарды кантип берем деп, / Кайтып барсам шаарга, / Ч…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир секиге чыга бергенде, туура маңдайда дүкүйүп турган бир бакты көрсөтүп, Элебес:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →