сез
- Сезим органдары аркылуу бир нерсени туюу, байкоо.
- Түшүнүү, билүү, байкоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Удургуп эли калыптыр, / Серек сулуу кыз Торгой, / Сезип муну алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…, / Кан экенин билгизип, / Дүрүйө менен карала, / Түрлөнгөн бойун кийгизип, / Такасы карыш нөкөрү, / Айагына илгизип, / Арстан Манас баатырдын, / Кызматы артык сезилди, / Булардын баарын көргөндө, / Алмамбет боору эзилди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Семетейди сездирбей, / Гүлчорону туйгузбай, / Айла кылып аздырып, / Атасынын көрүнө, / Алып келе калайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бара жатып үйдөгүлөрдүн абалын ойлодум, өзүмдү бир боштондукка чыга түшкөндөй сездим.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эч нерсе сездирбестен кызды сандыгы менен көтөрүп, жерге түшөт дагы Болгонго келет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →