саяк

китептерде 4 жолу
  1. Жолоочу, сапарга чыккан адам.
  2. өт. Жалгыз жүргөн бирөөлөрдү ээрчип жүргөн адам.
  3. Кыргыз уруусунун бири.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

— Саяк көтөрүлүп, бери карай көчүп калыптыр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Көкүрөк элинен кийин, төмөнтөн көтөрүлгөн саяктар жүрүп отуруп Корумду, Чоң-Ташка келгенде артынан аскерлер кууп жетип капчыгайга камап алып элди кекилик уулагандай кылыптыр Ата-энесинин көзүнчө кыздарын зордуктаптыр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Күңгөйлүк саяк экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Аты Бурулкан, төркүнү күңгөйлүк саяк, кадимки Талканбай манаптын жакын тууганы экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →