сат

китептерде 158 жолу, 10 китепте
  1. Сатылуучу нерсени акчага же баасына туура келген башка нерсенин ордуна берүү.
  2. өт. Чыккынчылык кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ойуп эл качып, / Эпчи жак менен эр жакка, / Эл бөлүндү жол ачып, / Тору аттын жетти жанына, / Төрө жолборс түз басып, / Ыйлап калды торгой кыз, / Аркасынан көз сатып: / “Не болсо да Чигитей, / Жүзүмдү көрүп калсын – деп, / Көзүнө толсом баатырдын, / Көөнүнө мени алсын “ – деп, / Басып Торгой чыгыптыр, / Көпчүлүктү мейли деп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дем алып калды азыраак, / Жер кеңири жай жатып, / “Куу баш Жакып айлы” деп, / Көргөн калмак кеп сатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Заркырап улуп тоо жели, / Саткынды каргап каар чачты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Байлар болсо, балдарын сатып алып калат экен, алардын ордуна түгү жок томояктар, биз кетет экенбиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Баланы кандуу сууга соёлу, эгер биз кандуу сууга киши сойбосок бизди астырып өлтүрөт, – деп баланы акчага сатып алып барып сууга соердо, бала: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →