сасык

китептерде 44 жолу, 9 китепте
  1. Жагымсыз жыт, сасыган, борсуган, жаман жыттанган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сасык туман боз болуп, / Талдынын бойу талаанын, / Ой-тоосунда таза жок, / Жеринин баары кан болуп, / Тете, Салаа, Каракөз, / Саранжа менен хан Калдык, / Айласын тап… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түгөнүп калган кыргызда, / Жылтылдатып кылканын, / Кийип жүрөт жаш балдар, / Андыктан кыргыз элдери, / Кундузду койот пулга албай, / Жапа кундуз көп экен, / Сасык дешип теңге албай, / Байкерчилик болобу, / Кыргызга окшош жанга бай, / Кыр сактаган аскердей, / Кылактап турат карагай, / Теректи карап койбосо, / Жыгачпы деп … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Дешип баары сүйүнүп, / Жүгүрүп үйгө киришип, / Сасык айран, көк иркит, / Бирден жутуп ийишип, / Көөкөрлөрүн карашып, / Арак ичип суусунга, / Жогу бардан сурашып, / Баарысы айтып Манасты, / Бабырашып чуулашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күйүп кетти кыпкызыл, / Көгөрүп чыккан кийе жок, / Күйүп Кенкол арыды, / Кызыл күлгө айланды, / Кетирем — деп сасыкты, / Кыргыз кайдан пайда алды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Ай кудай алгыр, ал хан жакын жерде жок, Сасык-Көлдүн аралында кара буура болуп чөгүп жатат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →