сарай

китептерде 118 жолу, 10 китепте
  1. Падыша жана анын жакындары туруучу ордо.
  2. Малга, айыл чарба шаймандары үчүн салынган курулуш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кек кылбады Чигитей, / Сарайын терең каздырды, / Сый-зыйнатын ашырды, / Мөңкөтайдын өлүмүн, / Сылап-сыйпап жашырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Акылман Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Сырттан Сыргак кайран эр, / Кат жазуучу сарайда, / Акылдашып олтурса, / Каныкей кирип эшиктен, / Кашкайып карап турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
– деп, / Карабуура, Чаткалды, / Өрдөп чыкты Айчүрөк, / Ай туулуу сарай, Аккүмбөз, / Көр, деп чыкты Айчүрөк. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Орулбаган эгиндер, чөптөр, ак сарай үйлөр күйүп, түтөп артта кала берди... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Сарайга кирсең, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөсүң. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →