сара
- Таза, мыкты, тандамал.
- Жер соорусу, суулуу, оттуу жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алооке калдай дөөлөскө, / Сараркада чалкалап, / Жаткан Шоорук доңузга, / Араниктын дөөлөрү, / Ат мине албас жөөлөрү, / Дөөкан, Соксо, Сотойго, / Кетчүүң болсо кетип кал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көтөлөктө соң Дөөлөс, / Шоорук ханга барыптыр, / Сараркада Шоорукка, / Сары санаа кебин салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акылың жетик Сара элең., / Арткы жагын ойлойлу, / Чүрөк келип үч жылда, / Бойуна болуп төрөсө, / Башка десең болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сараркага барганда, / Шалпылдап баспай калат бээ, / Ошондо сайып албасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Салтантаттуу эреңдер, / Сарасы эле адамдын, / Сардары эле балбандын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →