сапта

китептерде 32 жолу, 8 китепте
  1. Куралга (мис. балтага, кетменге ж.б.) сап жасап аштоо, саптуу кылуу.
  2. Ийнеге, теменеге учук киргизүү, учуктоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сапта турган Таабалды, / Кылча жанын айабай, / Өлөмүн деп санабай, / Алды – аркасын карабай, / Жебеден мурун жеткени, / Кытайдан келген баатырга, / Кыйкырып найза неткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Төбөй деген балбаны, / Калдагай кулак Чойун алп, / Канча жылдан бер жакка, / Ардактаган айбаны, / Бөлүнүп сапта коройуп, / Төбөй чыга калганы, / Жолум үйдөй башы бар, / Жолбун иттей кашы бар, / Ач жолборстун тиши бар, / Анын кыйла иши бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…дин тумшугунан курады, / Жапаа чочко мегежин, / Сийдигине сугарды, / Тийе турган жерине, / Бөрү тилме чыгарды, / Бүткүл барлык темири, / Ак болоттун кыймасы, / Саптаган жыгач найзага, / Ак карагай сыйдасы, / Өңкөй темир болгон жер, / Көк болоттун кыймасы, / Саптаган жыгач найзага, / Көк карагай сыйдасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алаканын бек кылган, / Душманды көздөй кез эткен, / Пил терисин каптаган, / Кан ыргайга саптаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Экинчи күнү жашынганда Чыныбекти Айымсулуу колундагы ийнесинин саптаган жиби учундагы түйүнгө кошо түйүп жашырды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →