сапар

китептерде 169 жолу, 10 китепте
  1. Жол, саякат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кара сакал хан Жанай, / Кайраты бар эр экен, / Касиеттүү неме экен, / Ал сапар барган моңгулду, / Талап алган кеп экен, / Кеңешип инген моңгулу, / Бизди Жанай чапты деп, / Коктукатка Курчунга, / Кабар кылган кеп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Куткарып койуп жездесин, / Андан кийин кутурсун, / Келбей койсо бул сапар, / Кыргыз берген туз урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тилин сунду булайтып, / Жети сапар Гүлчоро, / Семетейдин сыдырды, / Кызыл тилин чубалтып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сары абаң сапар кеткенде, / Салтанаттуу бул элдин, / Түбүнө чоро жеткенде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Сага убал болгон экен, алыс сапарга бара жатканыңды билбей атыңды жеп койбодумбу. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →