сана1
- Эсептөө, бир нерсенин эсебин чыгаруу; сандарды көбөйүү жагын көздөй катары менен атоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Отор менен кытайдын, / Колдорун бөлүп айрыды, / Отордун элин тургузду, / Кытайдын элин чуурутту, / Санап санын алганы: / — Сатылып келген сенсиң, — деп, / Элиңе айта кеткин, — деп, / Эсен-аман жеткин, — деп, / Жакшы-жаман талаада, / Бир кишиге айтпа кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…алыштык, / Ороолонуп көрүштүк, / Өчүгүшүп күрөштүк, / Баштан берки адатым, / Балачактан санатым, / Жети күндө бир тамак, / Иче турган кезегим, / Бирден- бирден санадым, / Бүгүн болуп калыптыр, / Тамак ичер убагым, / Тамактанып келейин, / Сенден нөөмөт сурадым, / Мени менен бирге бар, / Тамакты кантип айайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айжаркын Манас айкөлүм, / Абыдан кеңеш кылыпьыр, / Эл таламы дегендин, / Санасы эми тыныптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Болжоп жүрдүм Таласта, / Айдай жеңем Айчүрөк, / Сени үч жыл көтөрдү, / Арамкор Кыйаз шек санап, / Электен далай өткөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кас санаган кишиңиз, / Таманыңда кор болсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →