самса
- Камырдын ичине эт, пияз салып, дандырга бышыра турган тамак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ар кайда тарап жоголот, / Элин таппай самсалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ээрчитип жүрсөң анча эмес, / Самсалаатып чубалтпай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бөксөсүндө карагат, / Шагы ийилип самсалап, / Жинесте, бөрү карагат, / Көздүн жоосун ал алат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чачтай кескен жайган аш, / Манту менен чүчбара, / Чойгон камыр чубалган, / Самса менен катырма, / Кирде менен ак токоч, / Андай аштын түрү кеп, / Чайнекке салган балы бар, / Демдеген кызыл чайы бар, / Кара мурч, кажо, калемпир, / Тамагында …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тетиги кыргыз Таласта, / Өлүп кеткен Манасча, / Мурункудай кыргыздар, / Намыстын жолун талашса, / Саадагын асып соот кийип, / Самсалап мага жанашса, / Бооз катынын жарамын, / Бойдок кылам уланын, / Боздотомун жубанын, / Порумун бузам булардын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →