сал2

китептерде 5514 жолу, 10 китепте сал 1 →
  1. Бир нерсенин ичине же бетине жайлаштыруу, коюу.
  2. Жаюу, төшөө (кийиз, төшөк ж.б. жөнүндө).
  3. Куруу, жасоо.
  4. Малга тоют берүү.
  5. Бир нерсени катыштыруу, кошуу.
  6. Казанга түшүрүү, бышыруу (эт жөнүндө).
  7. Жүктөө, үстүнө коюу.
  8. Киргизүү, матыруу.
  9. Дуушар кылуу.
  10. Сүйлөө, бир нерсе айтуу, ырдоо.
  11. Коюп жиберүү, чаап жиберүү, тартып жиберүү.
  12. Бир жакка бет алып жүрүү.
  13. Белгилүү бир өзгөчөлүгүнө, артыкчылыгына таянуу, ошондон пайдалануу.
  14. Почта аркылуу жөнөтүү, жиберүү.
  15. Алгыр куштар менен аңчылык кылуу.
  16. Кийүү, жамынуу (кийим-кечени), башына байлоо (жоолукту).
  17. Туур маалына жете электе бала таштап коюу.
  18. Саала турган малды ийитиш үчүн жаш төлүн (кулунду, музоону ж.б.) бир аз эмизүү.
  19. Катуу, кийгизүү (ноктону, жүгөндү); илинтүү (укурукка, чалмага); илүү, өткөрүү (сөйкөнү, шакекти, билерикти).
  20. Малдын эркек төлүн (кочкор, айгыр ж.б.) ургаачыларына кошуу үчүн ыйгарып калтырып коюу.
  21. Жалпы кароого коюу.
  22. Мөмө алуу, мөмө байлоо.
  23. Кандайдыр бир ишке чегүү, буюруу, ишке пайдалануу.
  24. Баштоо, чыгаруу (чыр, чатак, чуу ж.б. карата).
  25. Кандайдыр бир ишти жүзөгө ашыруу, орундатуу үчүн бирөөгө карата кадырын, көңүлүн пайдалануу, колдонуу.
  26. Көмөкчү этиш катарында колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кытайдан чыгып таарынып, / Аралаган алашты, / Чендеп келген Манасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Туубай үч жыл куру калды, / Эки жыл кетти жоголуп, / Табылбай чаар бээ койгондо, / Күндө суроо салгамын, / Элдин тынчын алганмын, / Короого келип калыптыр, / Үчүнчү жылы бул малым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…рган өпкө-боор, / Ичеги, карын, жумурун, / Беш жеринен кескени, / Канчоро өлүп кетти эми, / Кылчайып туруп ошондо, / Каныкей айткан бир кеби: / — Өлүгүн таштап салбаңар, / Кескилеп алган эт да бар, / Иттин тиши тийбесин, / Ит убалын кантебиз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Баласы менен тоодон отун жүктөшүп келчүмүн, тегирменге барып ун салчубуз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эликти ээрчитип алып, үйүн көздөй жолго салды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →