салт1

китептерде 49 жолу, 8 китепте салт 2 →
  1. Коомдук, традициялык көрүнүштөгү, жалпы элдик мүнөзгө ээ, каада; традиция.
  2. Белгилүү бир нерсенин жөнү, эрежеси, шарты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алтын, күмүш зар менен, / Азар-түмөн мал менен, / Катарлаган төө менен, / Топоз менен кой менен, / Алоолонгон ат менен, / Жерге алган кап менен, / Лопнурду көздөй жөнөдү, / Эр Бекбача салт менен, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түп атам Манас баатырдан, / Бизге калган салтыбыз, / Ата мурас баркыбыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Абалкы тойду салт кылып, / Аңгеме кылып айтышып: / “Каныкейди алаарда, / Калың мал батпай сай-сайда, / Аңтара басып Букарды, / Астын-үстүн кылганы, / Топурак учуп, боз түшүп, / Жут болгону тас калды, / Дагы айдап келеби, / Ошончолук көп малды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…лтирип, / Кылган ишиң сен айтсаң, / Хан казабы жаман деп, / Уккан элди саргартсаң, / Жаралуу аркар көздөнүп, / Жанаша сага мен бассам, / Куткарбастан ошондо, / Салтың артат, падышам, / Нускалуу сөз байкасаң, / Ушунчалык мен айтам, / Куу булуттай кумпай кыз, / Журт түгөткөн кан чачып, / Кубулжуган шумпай кыз, / Кырктан ашкан … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Салам айтып койгонго, / Салтың кетпейт, абаке. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →