сакчы

китептерде 29 жолу, 6 китепте
  1. Кароолчу, кайтаруучу.
  2. Чек араны сактоочу, кайтаруучу жоокер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жинден аскер чакырып, / Нурзатты жакшы кайтар деп, / Сакчы койгон Татылда, / Жиндер курчап калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айтумуштун элдери, / Жесекчиси келгени, / Келип кабар бергени: / — Кызыл желек туу сайды, / Азыраак турат карааны, / Айбатуу турат адамы, / Деп барышты сакчылар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үч которуп сакчыны, / Агарып сүрүп таң чыкты, / Айбаттанып Айжаңжүн, / Тоодой караан кан чыкты, / Арт жагынан бороондой, / Уйулкуган чаң чыкты, / Атагы алаш жагынан, / Сыргак деген тың чыкты, / Ылайык келсе барсам деп, / Ынтылып турат көп мыкты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сакчылар эшик карашкан, / Токтосартты тоскон жок / (Минген качыр таанымал, / Ал Токоңдо жарашкан.) / Алоокенин чоң уулу, / Атактуу баатыр эр Коңур, / Намыс үчүн жаралган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошол эле күнү кечке жуук баланын үстүнө баягы митайым вазир келип, баланын астында ыйлап-сыктап, жалынып-жалбарып жатканын сакчылар угуп, аны ханга айтып барышты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →