сакай
- Айыгуу, оорудан жакшы болуп кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күнү кыркка толгондо, / Туруп кетти Бактыбай, / Сак сакайтты Кененим, / Этинде так калтырбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайра барсаң, анда бар, / Эми тийбей койойун, / Сакайып кайра келгинче, / Эрикпей жатып ойлогун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Абаң Бакай, хан Семей: / — Чын айтыптыр Куйалы, / Акыл кеп го бу дагы, / Жетип келсин Куйалы, / Сакайганда бууданы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Качып кетет экен деп, / Элебедим таштарын, / Тарамышым кыркылып, / Шылкы муун болуп калгалы, / Мен Алмамбет тас калдым, / Канына чылап кулжанын, / Эми бүтүп сакайдым, / Кулжанын өтүн алдырып, / Жарасына куйдуруп, / Жаранын канын какшытып, / Анын суусун кургатып, / Жана Алмамбет турду муну айтып: / — Куу өрдөктүн териси / Сы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күндө учуп абалап, / Токтосарттай байды таап, / Момунжандай табып таап, / Гүлүстөндү сакайтты, / Күн-түнү жок дабаалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →