сайра

китептерде 91 жолу, 9 китепте
  1. Кубулжуган үн салуу, кубулжутуп таңшуу (сайроочу куштар жөнүндө).
  2. Уккулуктуу, жагымдуу кылып ырдоо, үнүн безеп таңшуу.
  3. Уккулуктуу, таңшыган күү чыгаруу (комуз жана кээ бир музыкалык аспаптарга карата).
  4. Көп сүйлөө, безеленүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сайрабай булбул тил катып, / Молдо торгой, сандыгач, / Сүйлөй албай буулукту, / Мурун кудай такшанып, / Күкүктүн баары күдүңдөп, / Көк асман бети бүрүлдөп, / Көрүнбөй көзгө күүгүмдөп, / Кээде олтуруп, кээде кооп, / Тели болгон жылкыдай, / Чакчелекей жүгүрөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бозорук таң атканда, / Боз торгой сайрап жатканда, / Хандын баары калдаңдап, / Камчысын сүйрөп далдаңдап, / Таңдагы нашта даамын, / Ашпоздору тез камдап, / Айкөл баштап бардык хан, / Кыргыл баштап кырк арстан, / Жапырт жүрүп бастырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үн алышып боз торгой, / Көкөлөп учуп, көп сайрап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошондо меники акылсыздык, же балалык экенин билбейм, айтор көлдү кандай шумдук кылып сайрап жатса да Шадыкандын сөзү көңүлүмө бир конбоду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам-мукам чыгарып укмуш сайрады, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктанн ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →