саал1

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Кичине, бир аз, анча-мынча.
  2. Начар, жетишсиз, чамалуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таратып этин карартпай, / Саалган сүт тартып кеткени, / Айтса жомок ыр экен, / Байыркынын кептери. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ормолоку кеп айтып, / Үйрөтүп калган экенсиң, / Кой Кененим, саалтып, / Кечиктирбе жолумду, / Алаксытып сөз менен, / Байлабагын колумду, / Баштан айак калтырбай, / Билип болдум ойуңду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ат оозун бура тартканда, / Баатыр менен бир жүрдү, / Кара чаар жолборс жанаша, / Жолборстун түрү кара чаар, / Душмандын күнү болуп саал, / “Манасты жолборс ээрчийт” – деп, / Жер бетинде элдерге, / Угулган кеп таанымал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Анын уулу Кыдырма менден саал кырдуураак, далылуу, болук, жайык бет, кызыл тоголок бала. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ахмеддин наны саал жукараак экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →