пул

китептерде 134 жолу, 10 китепте
  1. Акча.
  2. тар. Жарым тыйын, жарым тыйындык монета.
  3. Кездеме, товар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Малын алып пул кылып, / Азаматын кул кылып, / Катын-кызын күң кылып, / Бузуп кеткен экөөнү, / Жасатайын бүтүрүп, / Ойлогонум ал эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Оогандыкка барсам, деп, / Он куржунга пул алдым, / Ооганга барып болгондо, / Ойума дагы сени алдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…туп туруп бар малын, / Комдотуп туруп нарларын, / Арттырып алтын зарларын, / Эсебин сүрүп таппасам, / Көңтөй менен Шооруктан, / Олжо алган малдарын, / Чогултуп пулун жыйдырып, / Чокчоңдогон Манасты, / Алдымда кызмат кылдырып, / Каңгайга барып жанайын, / Алаштын айлын кыдырып, / — Мына мунтип Бадыкөл, / Күпүлдөдү бир далай, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кам орбодум буудайын, / Сындырбадым куурайың, / Ак куржунуң ачпадым, / Ак теңге пулуң чачпадым, / Жакшы-жаман экен деп, / Артыңдан сени айтпадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бала кууп келгендерге кырк төөнү пулу менен берип, Кыраанкараны куткарып алат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →