пил
- Тропикалык Африкада жана Азияда жашоочу, чөп жеп, сүт эмүүчү узун тумшугу жана эки чоң азуусу бар чоң айбан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каны агып болгон бейм, / Ал аңгыча пилинен, / Сазан кетти шалак деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сегиз миң жыл жашаган, / Адам ойлоп тапкысыз, / Нечен ишти жасаган, / Кутулбады Жүйрүн дөө, / Керк көтөрбөй, пил минбей, / Антип жүргөн нечен дөө, / Кутула албай баарысы, / Колунан кетип намысы, / Кучагын жайып кулачтап, / Жерди жыттап калышы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Баатырдан нечен эр келип, / Агытып ийди үч пилди, / Булаңдатып тумшугун, / Дүмүрөңдөп жүгүрүп, / Такыр баары бүт келип, / Чуулдашат аламан, / Бирине бири дем берип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
ханы да алды, - / Куу Коңурбай Калчаны, / Качырбай алган Гүлчоро; / Жалгыз көздү Мадыкан, / Жанын алган Гүлчоро; / Нескаранын Жубатай, / Мурадилдин Каратай, / Пилге минген Ороккыр, / Баарын алган Гүлчоро, / Кара сакал балбанды, / Каңгайга калба салганды – / Толтойду алган Гүлчоро, / Сыйкырга жанын катырган, / Кыйазды алган…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ат көтөрбөй, керки жок, / Пил минүүчү эр экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →