пикир

китептерде 12 жолу, 4 китепте
  1. Бир нерсе жөнүндөгү ой, көз караш, кандайдыр бир нерсеге өзүнүн көз карашын билдирип айткан сөз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эмне болсоң чыныңды айт, / Ички пикир сырыңды айт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Барарында Бекбача, / Акыл айткан бир канча, / Өлөрүн билип өзүнүн, / Бүткөнүн билип өмүрүн, / Бизге айткан турбайбы, / Ички пикир көңүлүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ички пикир сырың айт, / Жашырбастан чының айт, / Каңгайдын калкы кептенип, / Калгандардан эр чыкпайт, / Чоңойсо бойу эрмин, деп, / Чокчоңдой берет калгандар, / Жалгыз башым менмин, деп, / Ошонун бири болдуңбу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Арамзада Сулаймат, / Бармагын тиштеп баш чайкап, / Алды аркасын тең байкап, / Баш көтөрүп бир чакта, / Жылчыгы жок кеп айтат: / — Баарың уккун, — деп айтат, / Хандык такта колумда, / Калк башкарып эл бакмак, / Канчалык пикир ойумда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бузулса элиң, чыныңды айт, / Ички пикир сырыңды айт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →