пери
- миф. Учуп жүрүүчү канаттары бар, аял кебетесиндеги айдай сулуу, узун чачтуу кереметтүү жан.
- өт. Ашкан сулуу, акылдуу, айлалуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Нурпануну периден, / Бекбачанын алганы, / Пендеден алдым үч катын, / Биринен бала калбады, / Колумда бар Айбала, / Адамдан артык Акмаңдай, / Булбул тилдүү жез таңдай, / Алты жыл ноокас болупмун, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Кырылып кыргыз болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бирөө өлсө бирөө бар, / Өлгөнүнөн тирүүсү, / Улам мыкты, улам заар, / Пенде эмес жердеги, / Пери качып кутулбай, / Адам эмес амалсыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Укмуштуу катын Айчүрөк, / Чай кайнатып берсин деп, / Периден тандап сулуудан, / Кырк кыз алып келгенби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жел жетпеген пери урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кыз таң атканча перинин кыздарына тарууну тердирип койду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →