пар2
- Куштун жүнү, канаты, куштун мамыгы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Куйкалары курушуп, / Азуулары кычырап, / Булкуп-жулкуп тартышып, / Соотторун булушуп, / Чынжырларын үзүшүп, / Койгулакка чыдабай, / Балтанын сырты жарылып, / Пар келгенсип бул экөө, / Баатырдыгы таанылып, / Туруштук кылбай туулга, / Төбөсүнүн жарылып, / Найзанын учу түйрүлүп, / Кылычтын мизи айрылып, / Кармашты булар ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жуп кара атты пар кылып, / Алтындан наапа арттырып, / Жөө Байматка тарттырып, / Жолдон көрдүм Канышты, / Көчүп кеткин эртелеп, / Куру кылбай намысты!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ичине темир чаптаган, / Тышкы бети баары түк, / Парбар тери каптаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Салтанатын арттырды, / Санатын жүзгө толтуруп, / Залкар күлүк чаптырды, / Байгеге алтын сайдырды, / Баатырдын көөнүн жай кылды, / Сомбилекке туйдурбай, / Карындашым Тынымкан, / Түшүүчү үйгө пар кылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
— Я парбардыгер сактай көр!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →